• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамытов Австралиянын Генерал-губернатору Дэвид Хёрлини Австралия күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Австралия Союзунун Генерал-губернатору Дэвид Хёрлини Австралия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Австралия Союзунун ортосундагы достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда мындан ары да өнүгө берерине терең ишенем. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Австралия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий