• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талант Мамытов БАЭ президентин БАЭнин Улуттук күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 02.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахаянды Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин чын дилимден куттуктайм!

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара колдоого жана жаңы ишенимге негизделген өнөктөштүк жана достук мамилелер эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов БАЭ Президенти, Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянга бекем ден соолук, ийгилик, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубатчылык жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий