• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мал уурулук үчүн жаза күчөтүлдү

Президент 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Республикада мал уурдоону болтурбоо жана анын деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган мыйзамда мал уурдоого жоопкерчилик аныкталып, КР Кылмыш-жаза кодекси “Мал уурдоо” 205¹-беренеси менен толукталууда.

Аталган берененин 1-бөлүгүнө ылайык олуттуу эмес өлчөмдө (эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан) бирөөнүн малын жашыруун уурдоо,- 100 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Олуттуу өлчөмдө (эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашкан) жасалган мал уурдоо,-

2 айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мал уурдоо:

1) ири өлчөмдө (эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан);

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирүү менен жасалганда,-

мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мал уурдоо:

1) өзгөчө ири өлчөмдө (белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма беш миң эсе ашкан);

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалганда,-

мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде мал деп, майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко түшүнүлөт.

Ошол эле учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык “Мал уурдоо” 205¹-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралаган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартыларын белгилей кетүү керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий