• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мугалимдерге ипотекага үй алуу үчүн “топтомо пенсия” тууралуу кенен маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкекте мугалимдерге ипотекага үй алуу үчүн “топтомо пенсия” тууралуу кенен маалымат берилди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, кезектеги лекция Келечек жаңы конушундагы №87 орто мектебинин мугалимдер жамаатына окулду.

Тактап айтканда, шаардагы бардык орто окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдин негизинде пенсиялык сабаттуулукту арттыруу максатындагы иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүүдө.

Билим ачкыч ээлери болгон мугалимдердин дагы айлыктары көбөйүп, эмгек стаждары боюнча пенсияга чыгуунун жолдорун эрте билип алуулары керек.

Бүгүнкү окуунун жүрүшүндө дагы пенсияга байланыштуу кызыктуу суроолорун беришти. Өзгөчө Соцфонддун топтомо фондундагы топтолгон каражат туурасында маалыматка кызыкдар болушту.

Кантип акчалай алсак болот, ипотекага төгүш үчүн каалаган убакта акчалай алсак болобу, деген суроолорго жооп алышты.

Пикир

Оставить комментарий