• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамытов баштаган ЖК делегациясы иш сапары менен Россиянын бир катар аймактарында болушту

Саясат 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-сентябрынан 3-октябрына чейин КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов башында турган ЖК делегациясы иш сапары менен Россия Федерациясынын Новосибирск облусунда болушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясынын курамына депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов киришти.

Иш сапардын алкагында 2021-жылдын 30-сентябрында төрага Талант Мамытов РФнын Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников менен жолугушуп, анын жүрүшүндө РФ жана анын аймактары менен, анын ичинде ЕАЭБдин чегинде мамилелерди бекемдөө маселелерин талкуулады.

Миграция саясаты жана Новосибирск облусунда жүргөн кыргыз жарандарынын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошол эле күнү төрага башында турган ЖК депутаттары Новосибирск, Томск жана Кемерово облустарында жашаган мекендештер менен жолугушту.

2021-жылдын 1-октябрында кыргыз делегациясы Алтай Республикасына барып, сапардын алкагында төрага Талант Мамытов Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Олег Хорохордин жана Эл-Курултай - мамлекеттик кеңешинин төрагасы Артур Кохоев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Алтай Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана туризм чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү талкууланды.

Төрага Мамытов Алтай Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, эки элдин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарынын жакындашуусуна салым кошкон илимий жана маданий платформаларын кеңейтүүгө биргелешкен аракеттерди жандандыруу маанилүү экендигин баса белгиледи. Алтай цивилизациясынын мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында төрага Талант Мамытов Горно-Алтайск шаарына «Алтай цивилизациясы» борборун биргелешип курууну сунуштады.

Мындан тышкары, Талант Мамытов Манастын эстелигин орнотуу үчүн Горно-Алтайск шаарынан жер бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Өз кезегинде Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы кыргыз тараптын сунуштары эске алынат деп ишендирди жана Алтай тарап кызматташтыкты күчөтүү аркылуу боордош кыргыз эли менен ар тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Маданият жана туризм жаатында жана Кыргызстан менен Алтайдын ортосунда түз аба каттамдарын түзүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз делегациясынын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Горно-Алтайск мамлекеттик университетинде окуган Кыргызстандан барган студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий