• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамытов Назарбаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Эки боордош элдин кылымдардан бери келе жаткан достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий