• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропорту 20 жылдыгына карата өнөктөш компаниялардын жетекчилерин сыйлады

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев 2021-жылдын 10-июнунда өнөктөш-авиакомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, аларга корпоративдик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Шаршеев быйыл “Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатканын билдирди. «Өзүңүздөргө маалым болгондой бул жылы «Манас» эл аралык аэропорту ачык акционердик коому түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилөөдө. Бул жылдар аралыгында өлкөдөгү аэропортторду өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө байланыштуу чоң иштер жасалды, ондогон масштабдуу долбоорлор ишке ашты. «Манас» эл аралык аэропорту бүгүнкү күндө өлкөнүн ичинде дагы, эл аралык деңгээлде дагы өтө тез өнүгүп келе жаткан, маанилүү ишканалардын бири. Биз бул ийгиликтерди сиздерсиз жасай алмак эмеспиз. Авиаташуучулар – биздин башкы жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз»,-деди ал өз сөзүндө.

Бакыт Шаршеев «МЭА» ААК өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана учуулардын географиясын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. "Каттамдардын санынын өсүшү жана жүргүнчүлөрдүн көбөйүшү менен биздин өз ара пайдалуу кызматташуубуз дагы бекемделет деп үмүттөнөм. Айрыкча азыркы пандемиянын шартында бул өтө маанилүү",-деди ал.

Авиакомпаниялардын өкүлдөрү да «МЭА» ААКсын юбилейи менен куттуктап, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

ОсОО «Авиакомпания Avia Traffic Company» директоруу А.Б.Аскаров ыраазычылык кат алды.

Биринчи даражадагы төш белги (алтын) жана ыраазычылык кат төмөнкүлөргө ыйгарылды:

• «Авиакомпания Avia Traffic Company» ОсООнун Башкы директору Г.В.Еременко;

• «Тез Джет» ОсООнун Аткаруучу директору Я.А.Екимовский;

• «Аэрофлот» ПАО Бишкек ш. Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси В.В.Серых;

• «Түрк аба жолдору» АК филиалынын Бишкек.ш.боюнча Башкы директору Өзгүр Суучак;

• «Билет.kg» ОсООнун директору А.Т.Окенов.

Экинчи даражадагы төш белги (күмүш) жана ыраазычылык кат төмөнкүлөргө ыйгарылды:

• «Авиакомпания «Эйр Манас» ОсООнун Башкы директору Т.Ш.Нурбаев;

• «Өзбекистан аба жолдору» АКнын КРги өкүлү С.Б.Ирмухаммедов;

• «Урал аба жолдору» ААКнын аймактык өкүлү Д.Т.Джоробаев.

Ошондой эле, корпоративдик белгилер жана ыраазычылык кат менен төнөнкүлөр сыйланышты:

• «Эйр Астана» АКнын Бишкек ш.боюнча өкүлү Х.Хусаин-Ахунова;

• Dubai Aviation Corporation Trading as FlyDubai хендлинг тейлөө боюнча жана « «Сибирь Авиакомпания» АКнын Бишкек ш.боюнча жетекчиси С.Р.Ажиков;

• «China Southern Airlines» өкүлчүлүгүнүн Бишкек ш.боюнча Башкы директору Му Сюхун;

• «Silk Way Airlines» ОсОО директору И.А.Спасибко;

• КРги «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын ыйгарым укуктуу өкүлү, «Эгемен» ОсООнун Башкы директору Ю.С.Эрман;

•АК «Авиакомпания Азимут» Э.Ш.Джангазиев;

• ООО «Северный Ветер» Д.Д. Искендеров;

• АО «Авиакомпания «Россия» С.А.Александровский.

Пикир

Оставить комментарий