• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропорту Ош филиалына жаңы жабдууларды сатып алды

Коом 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААК Ош филиалына жаңы жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аэропорттун аймагын жалбырак, кардан тазалоо жана асфальтты жуу үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынды. Бул көп функционалдуу жабдуулар жылдын каалаган мезгилинде кынтыксыз тазалыкты сактоого жана жүргүнчүлөрдүн сапарынын ар бир этабында коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, аэропорттун терминалын тазалоодо жогорку эффективдүүлүктү камсыз кылган үч заманбап жер таман (пол) тазалоочу сатып алынды.

Пикир

Оставить комментарий