• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте быйыл 2 миң электротаксини ишке киргизүү пландалууда

Коом 0


Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бишкекте быйыл 2 миң электротаксини ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, учурда Бишкекте электромобилдерди жана аларды кубаттоочу станцияларды көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.

“Азыркы учурда Бишкекте 1 700 электромобиль бар. Күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Буга чейин жеке компания менен биргеликте электротаксилерди ишке киргиздик. Учурда 20 унаа кызмат көрсөтүүдө. Аталган компания дагы 100 электромобиль алып келүүнү көздөп жатат. Быйыл жалпысынан 2 миң электротаксини ишке киргизүү пландалууда”, - деди калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий