• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропортунда унаа жарылган эмес, кыска туташуудан улам өрттөнгөн – милиция

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /К;абар/. Социалдык тармактарда «Манас» аэропорту жакта унаа жарылгандыгы тууралуу таралып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт, деп айтылат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда болжол менен 02:30дар чамасында Сокулук райондук нөөмөт бөлүмүнө «Манас» аэропорту жакта унаа токтотуучу жайда унаа жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери келип, 20-сентябрда болжол менен саат 02:20лар чамасында кыска туташуудан улам «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча милиция кызматкерлери унаанын ээси 1981-жылы туулган Т.А.ны сурашканда, ал унаа кыска туташуудан улам өрттөнүп кеткендиктен эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий