• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Манас” аэропортунун акциясы 7,4 пайызга арзандады

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун акциясы бир жума ичинде 7,4 пайызга арзандады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, 31-январдан 7-февралга чейин компания биржада 204 баалуу кагаздарды сатуу боюнча үч операция жасаган. Акция алгач 950 сомго сатылып жаткан, бирок ал арзандап, 880 сомго сатылды. Капитализациянын жалпы суммасы 192 миң 820 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, жыл башында “Манас” эл аралык аэропортунун акциясынын баасы 800 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий