• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропортунун жанында автоунаанын багажынан адамдын сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. «Манас» аэропортунун жанында автоунаанын багажынан киши колдуу болгон бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сөөк аэропорттун кайтарылбаган унаа токтотуучу жайдагы унаалардын биринин багажынан табылган. Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан окуяга тиешеси барларды издөө үчүн зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Милициянын билдирүүсүндө, Комсомол айылынын 39 жаштагы К.Х., аттуу тургуну 22-октябрь күнү болжол менен саат 21:20да аэропортту көздөй чыккан бойдон кайтып келген эмес. 23-октябрь күнү анын агасы милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон адамды издөө үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү болжол менен саат 20:00дө аэропорттогу унаалардын биринин багажында 39 жаштагы К.Х., аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Факт 130-берене менен ("Адам өлтүрүү") Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМ, ШИИБ, Чүй облустук жана Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

Учурда бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Пикир

Оставить комментарий