• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" бажысы товардын баасын дээрлик 109 миң долларга төмөндөтүү фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери товарлардын баасын төмөндөтүү фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, «Э.Б.Т.» ЖЧКнын дарегине АКШдан «топурактарды, таштарды, рудаларды сорттоочу, жуучу, майдалоочу, аралаштыруучу жабдуулары келгендиги аныкталган.

Бажы контролун жүргүзүүдө эсеп-фактурада көрсөтүлгөн товарлардын бажы наркы 108 миң 900 долларга төмөн баалангандыгы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы туумдарды кошкондо 1 336 043 сомду түзгөн.

Факты КБР АДС МКЖга катталып, материалдар негизи боюнча каралышы үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий