• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда инновациялык технологиялар борбору бир жылдын ичинде түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда инновациялык технологиялар борбору бир жылдын ичинде түзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР президентинин аппаратынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.

"Борбор өкмөттүк эмес болуп, анын ишмердүүлүгүн байкоочу кеңеш координациялайт, анын курамына ар кыл тармактын адистери кирет", - деди ал.

Башкармалыктын башчысы ошондой эле борбор түзүлгөндөн кийин инновациялык продукцияны жаратууда ата мекендик иштеп чыгуучуларга колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Эске сала кетсек, буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II эл аралык Digital Kyrgyzstan ПЛАС-форумунда Кыргызстанда инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөө менен алектене турган инновациялык технологиялар борбору түзүлөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий