• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Манас проспектисинин бир бөлүгүнүн жабылышына байланыштуу коомдук транспорттун маршруттары өзгөрдү (схема)

Коом 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Манас проспектисинин бир бөлүгүнүн жабылышына байланыштуу коомдук транспорттун маршруттары өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, Манас проспектисинин Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылганына байланыштуу коомдук транспорттун маршруттарынын кыймылынын схемасы өзгөрдү.

№:102, 104, 118, 132, 148, 167,170, 188, 200, 203, 204, 216, 223, 236, 262, 265, 266, 269 микроавтобустардын түндүк багыттагы кыймылы Турусбеков, Бөкөнбаев, Манас проспектиси боюнча болуп, андан ары өзүнүн схемасында уланат. Ал эми түштүк багыттагы кыймыл Манас проспектиси, Бөкөнбаев, Исанов көчөлөрү аркылуу болуп, андан ары өзүнүн схемасында уланат.

Ал эми 215, 264 микроавтобустук маршруттар үмөталиев, Бөкөнбаев, Манас проспектиси боюнча түндүк багытта, тескери багытта Бөкөнбаев, Исанов, Киев көчөлөрү менен кетет.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана коомдук транспорттун маршруттарынын өзгөрүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий