• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марат Иманкулов: Сирияда дагы эле 700дөй кыргызстандык бар

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Аскердик кагылышуулар болгон Сирияда дагы эле 700дөй кыргызстандык бар. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары" деген аталышта тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

"Биз бул багытта иштеп жатабыз. Ал жакта ар кандай топтогу адамдар бар. Үй-бүлөсү менен кеткендер же болбосо ал жактан үй-бүлө күткөндөр кездешет. Ошондой эле Кыргызстанга кайтып келгиси келбегендер бар. Өз кезегинде коңшу өлкөлөр ал жактан жарандарын алып чыгыш келишкен", - деди ал.

Марат Иманкулов кошумчалагандай, согуштук иш аракеттер болгон аймактан кайтып келгендер арасында тыкыр профилактикалык иштерди жүргүзүү керек.

Пикир

Оставить комментарий