• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марипов Бишкек-Кара-Балта жолундагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди.

Министрлер кабинетинин басм сөз кызматынан кабарлашкандай, Улукбек Марипов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Жолдун узундугу 52,5 км түзөт (45,1 км – Кара-Балта – унаа базары жана 7,4 км – унаа базары - Киркомстром). 45,1 км участогу боюнча иштер 2021-жылдын ноябрында, ал эми 7,4 км участогу боюнча – 2022-жылдын октябрь айында аякталышы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий