• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маршрутка айдоочуларына камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн азырынча айып салынбайт - ЖКККББ

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Маршруткалардын айдоочуларын бул жумада камсыздандыруу полиси болушу керектиги тууралуу маалымдоо жүрөт, бирок айып салынбайт. Бул тууралуу КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, бул жума бою ЖКККББ кызматкерлери кичи автобустардын, таксилердин айдоочуларын, ошондой эле кооптуу жүк ташуучулардын камсыздандыруу полисин текшерип, ал жок болгон шартта түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

“Мыйзам кечээ гана күчүнө кирди. Бул жума бою биз полис алуу керектигин эскертебиз. Токтотуу учурунда айдоочулар күбөлүгүн, транспорттун документин жана камсыздандыруу полисин көрсөтүүсү керек”, - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, КР административдик жоопкерчилик Кодексинин 244-1-беренесине ылайык, бузуучуларга айып салынат.

Оторов учурда иш таштаган айдоочулардын баары 12-кичи райондо чогулушуп, мэрияга өз талаптарын билдирип жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүн камсыздандыруу полисинин жоктугуна салынуучу айыптын киргизилишине байланыштуу Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары иш ташташкан. Бул канча убакытка уланары азырынча белгисиз. Ошондой эле мунайзат продукциясын ташуучулар дагы камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптын киргизилишинен улам нааразычылык билдирип чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий