• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Массалык уулануунун болжолдуу себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында болгон тойдон массалык уулануунун себеби болушу мүмкүн делген азыктар текшерүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, экспертизанын жыйынтыгы 5-апрелде маалым болот. Уулануунун себеби балыктын же тооктун эти болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

“Жабырлануучуларды сурамжылоо маалында ууланууга себеп болушу мүмкүн болгон азыктар аныкталган. Бүгүнкү күндө бул балким балыктын же тооктун эти болушу мүмкүн. Кайрылгандардын бардыгы дал ушул азыкты жешкен”,-деп билдирди Буюклянов.

Адистин айтымында, тойго катышкандардан сырткары алардын туугандары да ууланууга кабылышкан. Алар тойдон алынып келинген кешиктен ооз тийишкен. Буюкляновдун айтуусу боюнча, учурда тамактар кандай даярдалары жана алардын санитардык абалы текшерилүүдө.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-мартында “Ала-Тоо” ресторанында массалык уулануу болуп, 173 адам жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлигин маалыматы боюнча, жалпы жабыркагандардын ичинен 100 адам ооруканага жаткырылса, алардын 19у 14 жашка чейинки балдар.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий