• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мас-рестлинг боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Мас-рестлинг боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Биринчилик “Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде 14-15-март күндөрү өтмөкчү. Ага 17 жаштан жогорку спортчулар катышат.

Мелдештер төмөнкү салмак категориялары боюнча өткөрүлөт:

  • эркектер арасында — 60 кг чейин, 65 кг чейин, 70 кг чейин, 75 кг чейин, 80 кг, 90 кг чейин, 105 кг чейин, 105 кг жогору;
  • аялдар арасында — 55 кг чейин, 65 кг чейин, 75 кг чейин, 85 кг чейин, 85 кг жогору.

Чемпионат мас-рестлингди жайылтуу жана өнүктүрүү, Бишкек шаарынын курама командасын түзүү жана Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышуу үчүн эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы КР Мас-рестлинг федерациясы менен биргеликте.

Пикир

Оставить комментарий