• 88.68
  • 95
  • 0.95

Математика боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери аныкталды

Билим 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-январында математика боюнча республикалык лимпиаданын финалдык этабы аяктады. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-швед математикалык мектеби (KSMS) өткөрдү. Каттоодон өткөн окуучулардын жалпы саны 23 миңден ашты.

"Биринчи турда иштерди аткаруу үчүн эки саат берилди, бул аралыкта 11 миңдей катышуучу өз иштерин беришти. Былтыркыга салыштырганда быйыл катышуучулардын абдан жигердүүлүгү жана иштердин сапатынын жогору экендиги кубандырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Экинчи турга комиссия тарабынан 9, 10 жана 11-класстардын 72 окуучусу катыштырылды.

Олимпиадалык кыймылдын туруктуу фавориттери – адистештирилген мектептер менен катар өлкөнүн аймактарынын мектеп окуучулары, атактуу окуу жайлардын көптөгөн олимпиадачыларын артта калтырып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Иштерди текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Математика боюнча республикалык олимпиаданын комиссиясы тарабынан жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий