• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медициналык мекемелер жаңы жабдыктар менен жабдылды

Коом 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан “Кыргызстанда тез жардам медициналык системасын күчөтүү” долбоорун ишке ашыруу алкагында медициналык мекемелерге 7млн сомго жаңы медициналык жабдыктар жеткирилди. Аталган долбоор Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Медициналык жабдыктар төмөнкү мекемелерге жеткирилди:

1.Улуттук госпиталь - 1даана колоноскоп;

2.Ош облусттар аралык клиникалык оорукана - 1 даана рентген аппарат;

3.Ош облусундагы Өзгөн районундагы аймактык оорукана -1 даана рентген аппарат;

4. Ош облусуна караштуу Каракулжа районундагы оорукана -1 даана рентген аппарат, 1 даана гастроскоп.

Аталган медициналык жабдыктар ооруканаларга жеткирилип, текшерүүдөн өткөрүлүп учурда колдонула баштады.

Пикир

Оставить комментарий