• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мээримдүү тыйын! Тез операцияга муктаж болгон балдар үчүн акча чогултулат

Коом 0

Бишкек, 30.04.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Бишкекте тез жардамга муктаж болгон балдар үчүн операцияга акча чогултуу максатында “Мээримдүү тыйын” аталыштагы кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду билдирет.

Акциянын максаты - жаш бөбөктөрдүн жана жарандарыбыздын өмүрлөрүн сактап калуу үчүн алардын операциясына жумшалчуу акча каражатын чогултуу.

“Мээримдүү тыйын акциябызга чакырабыз. Тамчыдан көл куралат, тыйындан өмүр уланат. Келиңиздер, жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүп, өмүрлөрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк берели”,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чара “Asia Mall” соода-борборунда 6-майда, саат 14:00дө башталат.

Акцияга кыргыз эстрада жылдыздары катышат.

Пикир

Оставить комментарий