• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

MEGA уюлдук операторунун алдын ала болжолдуу баасы 12 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. "Альфа-Телеком" (соода маркасы MEGA, мурдагы MegaСom) ЖАКтын алдын ала болжолдуу баасы 12 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде ишкананын башкы директору Нурлан Мамытов билдирди.

Анын айтымында, бул акыркы баа эмес, азырынча ушундай бааланууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылы ноябрда Мамлекеттик мулктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров 2023-жылы "Альфа-Телеком" ЖАКты сатуу пландалып жатканын билдирген.

Ошентип, 2022-жылдын декабрь айында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында ММБФ "Альфа-Телеком" ЖАКсынын мамлекеттик акцияларынын толук пакетине баалоочуну табуу үчүн сынак жарыялаганы тууралуу маалымат пайда болгон.

Маалымат үчүн: MEGA ("Альфа-Телеком" ЖАК) – Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору. MEGA уюлдук тармагы 2006-жылы 28-апрелде ишке киришкен. Бүгүнкү күндө ишкананын 100% акциясы мамлекетке таандык.

Пикир

Оставить комментарий