• 88.68
  • 95
  • 0.95

Гуанчжоу шаарында КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Экономика 0

Бишкек, 01.04.24./Кабар/. Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылганын аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктү расмий түрдө КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ачты.

Жаңы кеңсе ишкерлер үчүн маанилүү жолугушууларды уюштурууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, маанилүү маселелерди чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот.

Белгилей кетсек, КР Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү Мээрим Кожокматова.

Соода-өнөр жай палатасы Кытайда өзүнүн ордун жакшы кеңейтүүдө жана КЭРдин ар кайсы шаарларында дайындалган тогуз палата өкүлдөрү бизнеске натыйжалуу жардам көрсөтүүнү камсыздоодо.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы кеңсесинин дареги: Гуанчжоу шаары, Хайчжу району, Синангдонглу жолу 1024, Ф блогу, 6-кабат, 609-кабинет. Poly World Trade Center.

Пикир

Оставить комментарий