• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Мектептеги тамак-аш үйдө”. Туура тамактанууга багытталган маалымат кампаниясы башталды

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАПТ) аралыктан окутуу учурунда балдарга туура тамактанууну уюштуруу боюнча маалымат кампаниясын баштады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, маалыматтык кампаниянын максаты - мектеп окуучулары, ата-энелер арасында туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Биринчи чейректе мектептер өз эшигин 1-класстын окуучулары үчүн гана ачты. Калгандары аралыктан билим алышат. Буга байланыштуу БУУ ДАТП, Билим берүү жана илим министрлиги жана Өнөр жай тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте “Мектептеги тамак-аш үйдө” маалымат кампаниясын иштеп чыгышты.

Маалымат кампаниянын алкагында ата-энелер туура тамактануу боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды түрдүү форматта ала алышат: инфографика, видеотасмалар, даамдуу жана пайдалуу рецепттер, ден соолукка пайдалуу жомоктор жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган рецепттер китебинен алынган жумалык меню. Мындай формат ата-энелердин жана окуучулардын маалыматты тез жана оңой кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Алдыдагы эки айда ар апта сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын социалдык тармактагы баракчаларында (Инстаграм, Фейсбук жана YouTube) балдардын туура тамактануусу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган материалдар жарыяланып турат.

Пикир

Оставить комментарий