• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Mercedes унаасы Кара-Сууда жол кырсыгына кабылып, 17 жаштагы бала каза болду

Кырсык 0

Ош, 24.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Кара-Суу районунун Нариман айылында жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун партулдук милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы 23-октябрда болжол менен саат 22:00 чамасында катталган.

Патрулдук милициядан кабарлашкандай, Mercedes үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, бетон тосмосуна барып сүзүп, андан соң бир нече ирээт тоголонуп кеткен.

17-жаштагы айдоочу окуя болгон жерден каза болгон, дагы үчөө ооруканага жаткырылган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен күнүнө орточо эсеп менен 3 адам каза болуп, дагы 20сы жаракат алат.

Пикир

Оставить комментарий