• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрдин м.а. Нургазиев аял кишиге кол көтөргөн окуя боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев аял кишиге кол көтөргөн окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, окуя бир жарым жыл мурун болгон.

"10 жыл мурун "Капитал Плюс", "Капитал права" фирмалары элге насыя берип, убагында төлөбөгөндөрдүн үйүн алып коюшчу. Сот дагы бир канча адамдардын үйүн аталган фирмага алып берип койгон. Фирма чоң ишканага айланып "Альянс курулуш" компаниясына насыя берип, ушул эле схема менен аларды банкрот кылып, объектилерин басып алышкан. Анын ичинде менин дагы объектим бар эле, андагы курулуш иштери токтоп калганда ал үйдүн жашоочулар менен өзүбүздүн күчүбүз менен куруп бүтүрөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Мени кооперативдин башчысы кылып дайындаган. Үлүшчүлөрдүн жыйыны учурунда аталган фирманын юристи телефондорун күйгүзгөн бойдон келип, сүйлөшүп жаткан жерден бетиме чаап жиберген. Менден дагы реакция болуп, чаап жибергем. Окуя бир жарым жыл мурун болгон. Ошол эле күнү арыз жазгам. Жыйындын катышуучу 30 адам дагы ал аял келип, мени биринчи чаап жибергенин далилдеп берген", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келген.

Пикир

Оставить комментарий