• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 58 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 58 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус – 23 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал белгилегендей, бир сутка ичинде 111 адам коронавирустан айыгып чыкты.

“Бишкекте – 31, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда - 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирди ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 434 бейтап, амбулатордук түрдө 543 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми суткада стационардан – 1, үй карантинен – 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 187 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 105 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 825 киши айыгып чыкса, 1 миң 433 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий