• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр тилкесин мамлекеттин карамагына өткөрүү демилгеленүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында жайгашкан Ак-Улак көмүр тилкесин мамлекеттин карамагына өткөрүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев көтөрүүдө.

"Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр тилкеси учурда бош турат. Аны ишке киргизип, "Кыргыз көмүр" мамлекеттин ишканасына өткөрүп берүү демилгеленүүдө. Анткени былтыр түштүк аймакка 1 млн 50 миң тонна көмүр даярдалса, анын жарымын мамлекеттик ишкана берген. Ак-Улак көмүр тилкеси мамлекетке өткөрүлүп берилсе натыйжалуу болот эле", - дейт ал.

Ашырбаев кошумчалагандай, өкмөттүн тапшырмасы менен өлкөдө 2 млн 460 миң тонна көмүр даярдалышы керек.

"Анын 1 млн 110 миң тоннасы калк үчүн, 1 млн 110 миң тоннасы ЖЭБге жана 240 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге кетет. Быйыл 10 ай ичинде 1 млн 696 миң тонна көмүр даярдалды. Анын 695 миң тоннасы түндүк регионго, 1 млн 1 миң 554 тоннасы түштүк регионго жумшалат", - деди Ашырбаев.

Пикир

Оставить комментарий