• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына "Пиротехникадан абайла" аталышындагы лекция өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Кечээ, 25-декабрь күнү милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына "Пиротехникадан абайла" аталышындагы лекция өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкелери Бишкек шаарындагы №88 мектептин 8 "Е" классынын окуучуларына пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы техникалык коопсуздукту сактоо боюнча лекция өткөргөн.

"Пиротехникалык каражаттардан жабыркагандардын көбү 10-15 жаштагы балдар болууда. Андан сырткары, бардык кырсыктагандардын ичинен балдар оор жаракаттарды алууда. Анткени, балдар пиротехниканы колдонгондо коопсуздук эрежелерин сактай бербейт. Ушуга байланыштуу, окуучуларга пиротехникаларды колдонуудагы коопсуздук чаралары жана эрежелери тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий