• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция тарабынан мыйзам бузууну байкасаңыз кайда кайрылуу керек? - байланыш номерлери

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине күбө болсоңуз кайда кайрылуу керектигин айтты.

Маалыматта айтылгандай, милиция кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп туруп, айрымдары кызматтык укуктарын кыянаттык менен пайдаланат.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп туруп, айрымдары кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышып, укук бузууларды жана кылмыштарды жасаганга чейин барышат. Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине (укук бузуулар жана кылмыштар боюнча арыздарды кабыл албоо, пара талап кылуу, коркутуу, опузалоо ж.б.) кабылсаңыз, сөзсүз кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Тартип же мыйзам бузуу болсо ИИМдин ички иликтөө кызматына 0704-999-918, 0999-917-397 же ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө 0312 66-23-31 кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий