• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңеш терезелерин 11,2 млн. сомго алмаштырат

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин административдик имаратынын биринчи кабатынан төртүнчү кабатына чейинки терезелерин алмаштыруу иштерине тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында кабарлангандай, ал иштерге болжол менен 11 млн.176 миң 200 сом сарптоо пландалууда.

Сынакка катышуу үчүн арыздарды 16-июлга чейин жиберүү керек.

Ал эми жумушту 20-октябрга чейин бүткөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий