• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж — Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган форум

Президент 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумдун ишине катышты.

Кыргызстан Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири — балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири.

Форумда актуалдуу темалар жана өлкөдө балдардын укугун камсыз кылуу жана коргоо боюнча механизмдер талкууланды.

Иш чарага БУУ балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Элчиси Эдуард Ауэр, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун, жергиликтүү бийлик, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Форумдун аягында жыйынтыктоочу Резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий