• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция УКМКнын жанындагы С.Жапаровдун тарапташтарын кубалай баштады

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Милиция Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мекемесинин жанында митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтарын кубалай баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, ИИМден окуя жүрүп жаткан жерде тартипти камсыздоо үчүн 200гө чукул укук коргоо кызматкерлери жүргөнүн белгиледи.

Милиция тартипти бузган кызуу кандуу митингчилерди кармай баштады. Эскертүү ирээтинде ок атылды.

Эскерте кетсек, бүгүн УКМК С.Жапаровду Казакстан менен чек арадан өткөндөн кийин кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, жаран Садыр Жапаров КР КК 227, 341, 113-чү жана 234-беренелерине (өлтүрүү менен коркутуу, барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) ылайык кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий