• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Милиция «Женго» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн айдоочу-жансакчысын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген «Женго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июлунда Ош шаарында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ээнбаштыкка шектелген адам кармалды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.А. кармалган. Ал мурда соттолгон Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген (положенец) «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.

Белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылдын 10-июлунда бир нече жаран менен биргеликте денеге залал келтирүү менен коштолгон ээнбаштык аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, алар Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучунун 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыкгын алып кетишкен.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде катталган. Кармалган жаран КР Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий