• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта эки унаа кагышып, жети адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Талас – Тараз унаа жолунун 53-чакырымында (Кара-Буура району) “Ауди С-4” менен “Фольксваген Пассат” унаалары кагышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгынан төрт эркек жана үч аял (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.

Окуя болгон жерде 4 куткаруучу жабыркагандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий