• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жеңил унаа бакты сүзүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жеңил унаа бакты сүзүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 14-чакырымында "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен К.Б. аттуу эркек киши жабыркаган.

Жерине 3 куткаруучу тартылган. Бирок, куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабырлануучуну Балыкчы шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий