• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кикбоксинг боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында эл аралык турнир өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Ош шаарында 11-12-июнь күндөрү кикбоксинг боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында “Ош шаарынын кубогу” эл аралык турнири болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Турнирдин ачылышына шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын курама командаларынын машыктыруучулары катышты.

Турнирге 30 команда, анын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандын бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген спортчулар катышты. Мелдеш 8 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар арасында WAKO эрежеси боюнча “Лоу-Кик”, “Кик-Лайк” секцияларында 20дан ашык салмак категориясында өттү.

Турнирдин негизги максаттары жана милдеттери башка мамлекеттердин спортчулары ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, спорттун бул түрүн республиканын аймактарында мындан ары өнүктүрүү жана жайылтуу, бирдиктүү классификация боюнча спорттук нормаларды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын курама командасына тандоо болуп саналат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чараны шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштуруп, КРнын кикбоксинг, тай бокс жана ушу федерациясынын жардамы менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий