• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Окуу жылы башталган күндөн тартып Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы мектептердин башталгыч классынын окуучулары менен өзүнүн коопсуздугун жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул жолу Милициянын кайгуул кызматкерлери Свердлов районундагы №10, №16, жана №1 мектеп, ошондой эле №45 орто мектептерге барып, башталгыч класстын окуучулары менен жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү, ошондой эле үйдөн мектепке бара жатканда жолдо жүрүү эрежелери боюнча профилактикалык сабактарды өткөрүшкөн. Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына жөө өтмөктө өтүүдө унаалардын жакындап келүүсүнө көңүл буруу, атайын орнотулган жол чырактардын өңдөрүнө жакшылап маани берүү зарыл экендиги эскертилип, атайын башталгыч класстын окуучулары үчүн иштелип чыккан жол эрежелерин сактоо тууралуу боеп толтура турган сүрөттүү журналдар таратылган.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы орто мектептердин ар бирине Бишкек ШИИББинин кайгуул кызматкерлери бирден бекитилген. Алар ошол мектептин коомдук коопсуздугун, коомдук тартипти карап, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн алар эртең менен мектепке келген убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап турууда.

Пикир

Оставить комментарий