• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө ооруканаларында коронавирустан 700 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын ооруканаларында коронавирус жана пневмониядан 700 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарынын ооруканаларында 59 адам, Ош шаарында - 32, Чүй облусунда - 42, Ош облусунда - 191, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 81, Жалал-Абад облусунда - 125 жана Баткен облусунда 148 киши дарыланууда.

Ошол эле учурда үй шартында 1 миң 520 бейтап дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 104 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 355ти түзөт. Алардын ичинен 42 миң 619 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий