• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон милициянын кайгуул кызматкерлери эскерилди

Коом 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. 15-май Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү болгондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматыбилдирди.

Эскерүү учурунда МККБнын полкунун башчысы Жумаев Канатбек Касымалиевич өздүк курамдын астында сөз сүйлөп: -“Арабыздан өткөн кызматкерлер коомдук коопсуздукту сактоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүп анын алдын алууда, алардын аткарган ак милдеттери жана кылган эмгектери эч убакта унутулбайт жана тарых барактарында бекем сакталат”. –деп өздүк курамга алардын жасаган эрдиктерин жана басып өткөн жолун айтып берди.

Андан сырткары кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үйүнө барып, башкармалыктын атынан акчалай жардамдар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий