• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакашова: Ж. Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык юбилейине арналган иш-чаралар бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо зарылчылыгын эске алуу менен жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда билдирди.

«Жусуп Абдрахманов - биздин доордун көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери, заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Жеке адамдын масштабын жана анын кыргыз элинин заманбап тарыхына кошкон салымын эске алганда, бардык юбилейлик иш-чаралар жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүшү керек. Кароого жана бекитүүгө сунушталган көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын планы өтө мазмундуу жана маанилүү. Мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү процессине катышкан ар бир мамлекеттик орган коронавирус инфекциясынын уланып жаткан пандемиясын эске алуу менен, маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек », - деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында, коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча сунушталган Иш-чаралар планын айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бекитүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий