• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Исаков: Биринчи класска 156 миңден ашуун окуучу кабыл алынмакчы

Билим 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. 2020/2021-окуу жылында 1-класска 156 миң 430 окуучу кабыл алынмакчы. Бул туурасында өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Өлкөнү санариптештирүү алкагында жана үстүбүздөгү жылы жарыяланган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча тутумдуу иш алынып барылды. Жаңы окуу жылынын башталышына карата балдарды 1-класска каттоодо балдарды мектепке жазуу тартибинин ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу максатында 2020-жылдын 15-февралынан тарта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук түрдө жаздыруу» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү улантылууда», - деди ал.

Аталган тутум ата-энелерге баланы жалпы билим берүү мектептерге атайы программалык камсыздоонун көмөгү аркылуу каттоого, тутумда катталган документке токтоосуз кирүүгө жана анын аткарылышын көзөмөлдөп турууга, ыкчам түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор пилоттук режимде Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында жайылтылган, 2021-жылы башка ири шаарларда жана бир нече райондордо аны ишке киргизүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий