• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Казакбаев АӨИЧК катчылыгынын аткаруучу директору Кайрат Сарыбайды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) катчылыгынын аткаруучу директору Кайрат Сарыбайды кабыл алды.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Казакбаев АӨИЧК катчылыгынын аткаруучу директоруна жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземине катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар катчылыктын учурдагы ишмердүүлүгүн жана 2022-жылы АӨИЧКнын 30 жылдыгына карата уюмдун алдындагы практикалык өз ара аркеттенүүнүн конкреттүү багыттарын талкуулашты.

Кыргыз тарабы COVID-19 пандемиясынын терс таасирин эске алуу менен, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөө максатында Азия регионунда ар тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн жана АӨИЧКнын эл аралык аренадагы ролун күчөтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы региондун өлкөлөрү кабылып жаткан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө АӨИЧКнын ишмердүүлүгүндө кыргыз тарабы мындан ары да жигердүү катышууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий