• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев менен Удовиченко КР президентинин Россияга болчу сапарын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар эки мамлекеттин жогорку жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган эң жогорку деңгээлдеги иш чаралардын сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгууну талкуулашты, кыргыз-россия эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана алардын ичинде, COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча ой пикирлер менен алмашышты.

Руслан Казакбаев кыргыз тарабы келе жаткан Кыргыз Республикасынын башчысынын Россияга иш сапарына чоң маани бергендигин билдирди. Анын айтымы боюнча, аталган иш сапар кыргыз-россия кызматташтыгына кошумча импульс берет жана союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухундагы өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасындагы мындан аркы эффективдүү саясий өз ара аракеттенүүнүн негиздерин салууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Тышкы саясий ведомствосунун башчысы келе жаткан тышкы саясий байланыштардын алкагында экономика, айыл-чарба, өз ара соода, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоого кыргыз тарабынын ниетин билдирди.

Россиянын элчиси кыргыз-россия эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалог өткөрүүгө россия тарабынын даярдыгын билдирди жана расмий Москванын кыргыз тарабы менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдаарын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар бардык пландаштырылган иш-чараларды карап чыгууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алуу менен кыргыз-россия кызматташтыгынын жалпы комплексин мындан ары интенсификациясына үмүттөнөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий