• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр: Өлкөдө коронавирусту текшерүү үчүн тест-системалар жетиштүү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясын текшерүү үчүн өлкөдө тест-системалар жетиштүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

“Тест-системалары бизге Россиядан, Япониядан келүүдө. Ошондой эле аларды Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Германиядан алдык. Гуманитардык линия боюнча да тесттер келүүдө. Ал эми реагенттерди жана башка материалдарды биз өзүбүз сатып алып жатабыз”, - деди министр.

Ал белгилегендей, өлкөдө тест-системалары жетиштүү.

Эскерте кетсек, Ноокат районунда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алардын баары умрага барып келгендер.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий