• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

COVID-19: Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ноокат райондук администрациясынын башчысы – райондогу жарандык коргоо башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда төмөндөгүдөй чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:

1) коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объекттерди коргоо күчөтүлсүн;

2) эл көп чогулган объекттердин ишмердүүлүгү токтотулсун;

3) райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Эскерте кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий