• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети 16-майдан тартып КР жарандарына Россияга кирүүдө коюлган чектөөлөр алынарын эскертет

Өкмөт 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясына кирүүгө, ошондой эле РФ жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Россия Федерациясынын Өкмөтү кабыл алды.

Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Пикир

Оставить комментарий