• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети Боомдогу балдардын катышуусунда болгон жол кырсыгын көзөмөлгө алды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Боом капчыгайында балдарды жайкы лагерден Бишкек шаарына ташыган автобустардын колоннасынын катышуусунда болгон жол кырсыгынын себептерин иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жабырлануучуларга зарыл болгон амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлдү, бардык балдар Бишкек шаарына жеткирилип, ата-энелерине тапшырылды.

1993-жылы туулган жүргүнчүнүн бирине жамбаш сөөктүн үстүңкү бөлүгүнүн жабык сынуу диагнозу коюлду. Жабырлануучу Кемин аймактык ооруканасына жайгаштырылды, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлдү, жакын арада ал Бишкек шаарына жеткирилет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тийиштүү мамлекеттик органдарга жол кырсыгынын себептерин жана окуяга күнөөлүү жактарды аныктоо максатында зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Эртең аталган жол-транспорт кырсыгы фактысы боюнча жыйын өтөт.

Жалпысынан жол кырсыгынан 6 адам жабыркады, алардын катарында 5 бала жана 1 чоң адам бар.

Пикир

Оставить комментарий